Маданият
Бишкекте «Раймалы менен Бегимай» этно-мюзикли өтөт

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча даярдалган мюзиклдин бет ачары Кыргыз улуттук филармониясында 22-февралда болуп, 24-28-февралга чейин уланат.
Мюзиклде бири-бирин чын дилинен сүйгөн ашыктар Раймалы менен Бегимайга болгон элдин сүймөнчүлүгүнө карабастан, залимдиги башынан ашкан бир ууч түркөй коомдун курмандыгы болгон татаал тагдыры чагылдырылган.
Долбоордун автору жана жетекчиси КР эл артисти Кыргызбай Осмонов, либреттосун КР Эл акыны Аалы Туткучев жазган. Режиссеру — Айнура Качкынбек кызы.
Бул легенда Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында баяндалган.