Коом

Быйыл Жалал-Абадда Спорт ордосунун курулушу башталат

Капиталдык курулуш департаменти комплекстин курулуштук долбоордук-сметалык документтерин даярдоого  20 млн сомдук тендер жарыялады. Маалыматта жаңы комплекс 5200 көрүүчүгө ылайыктуу болору айтылат. Талап боюнча имарат, спорттук аянттар, бассейн, футбол, баскетбол, теннис, воркаут аянтчалары, чуркоого ылайыкталган жолдор салынышы керек. 

Ал эми Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Кубанычбек Иманалиев комплекс үчүн 2,5 гектар жер бөлүнгөнүн, курулушка 2,5 млрд сом сарпталарын айткан. Анын жарымы республикалык бюджеттен, калганы Стабилизациялык фонддон бөлүнмөкчү. Курулуш иштери 2026-жылы бүтөрү пландалган. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button