Коом

УКМК: Таласта жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелери аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сый акы үчүн 163 бирдик айыл чарба багытындагы («сугат айдоо» категориясындагы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер тилкелерин жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Бул факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 10-февралында Бакай-Ата айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси А.О. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button