Бишкекте 19 жаштагы бала 61 грамм баңгизат менен кармалды

Борбордук милиция 2006-жылы туулган К.М.аттуу шектүүнү кармалган. Тинтүү учурунда шектүүдөн 20 даана кара түстөгү спецификалык жыты бар белгисиз заттар табылып, жалпы салмагы 61 граммды түзгөн. Шектүү Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
14-февралда 102 кызматына белгисиз адамдар баңгизаттарды сатып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Маалыматты текшерүү учурунда, Исанова көчөсү менен ЧЧКнын кесилишинде 2006-жылы туулган К.М. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Шектүү көрсөтмөсүндө, аталган спецификалык заттарды социалдык тармагындагы интернет дүкөндөрү аркылуу сатып алгандыгын билдирген.
Аталган факт боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максаында мыйзамсыз даярдоо» беренесе менен кылмыш иши козголгон. Учурда алынган заттар соттук-экспертизага жөнөтүлүп, тергөө амалдары улантылууда.