Коом
Нурланбек Тургунбек уулу: Эч кандай шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтпөйт

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “күзүндө парламент мөөнөтүнөн мурда тарап, кезексиз шайлоо болот экен” деген кепти четке какты.
“Мунун баары куру сөз. Шайлоо мөөнөтүнөн мурда болбой турганын белгилейм. Шайлоо кийинки жылы өз убагында өтөт. Парламенттик шайлоо дагы, президенттик шайлоо дагы өз маалында болот. Буюрса кыргыз эли үчүн бүгүнкү XII чакырылыштын парламенти дагы 1,5 жылдан ашык кызмат кылат”, — деди Тургунбек уулу.