Коом
«Эркектин эркекке болгон сүйүүсү». Марипов Валентин күнүн майрамдоого тыюу салууну сунуштады

Бүгүн, 18-фервалдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда эл өкүлү Бакытбек Марипов Валентин күнүн майрамдоого тыюу салууну сунуштады.
«Тарыхтан алганда, бул күн эркектин эркекке болгон сүйүүсүн чагылдырган майрам экен. Бул жийиркеничтүү. Өзгөчө мектептерде катуу белгиленет экен. Ушул майрамга тыюу салыш керек», — деди Марипов.
Ал ошондой эле 23-Февраль, 8-март, Жаштар күнү, Студенттер күнү деген майрамдарда акча чогултуларын, андыктан билим берүү мекемелеринде буларга тыюу салуу керектигин билдирди.