Дүйнө

НАСА 90 метрлик астероид 2032-жылы Жерге урунушу мүмкүн экенин билдирди

Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө башкармалыгы билдиргендей, 2024 YR4 астероиди менен кагылышуу ыктымалдыгы акыркы айларда 3,1 пайызга чейин өскөн. Буга чейин АКШнын космос агенттиги кагылышуу ыктымалдыгы 1 пайыздан 2,3 пайызга чейин жогорулаганын билдирген.

2024 YR4 астероиди 2024-жылдын декабрынын аягында табылган. Анын диаметри Челябинск метеоритинин диаметринен 3-4 эсе чоң. 

30-январда НАСА бул Жер менен кагылышуу мүмкүнчүлүгү 1 пайыздан ашкан жалгыз астероид экенин жарыялады. 2024 YR4түн диаметри 90 метрге жетиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button