Коом

Бажы кызматынын төрагалыгына Алмаз Салиев дайындалды

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Алмаз Салиев дайындалды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына бөлүштү.

Буга чейин 51 жаштагы Салиев Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.

Кыргыз бажысын буга чейин жетектеп келген Самат Исабеков «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу» кызматтан алынганы кабарланды. Ал Бажы кызматынын башына 2022-жылдын январь айында келген. 2021-жылы да бир нече ай мекемени жетектеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button