Коом

Дин комиссиясы диний мекемелерде мониторинг жүргүзүп, каттоодон өтпөгөн мечиттерге эскертүү берилди

Бул тууралуу ДИМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2021-2026-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында  Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан диний мекемелердин ишмердүүлүгүнө 2 күндүк мониторинг жүргүзүлдү.

Комиссиянын курамында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Ленин районунун мамлекеттик администрациясынын, РИИБдин 10 бөлүмүнүн, Новопавловка муниципиалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана Бишкек шаардык  МСЭКБнын санитардык кызматкерлери катышуусунда өттү.

Мониторинг учурунда жаңы кабыл алынган мыйзамдын алкагында диний мекемелерди кайрадан каттоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Каттоодон өтпөгөн мечиттерге эскертүүлөр берилип, акт түзүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button