Коом
Ноокатта классташы окуучу кызды сабап, мурдун сындырган

Буга чейин соцтармакта “Көк-Жар” инновациялык билим берүү комплексиндеги 10-класста окуган кыздын энесинин кайрылуусу тараган.
Ал кызын Зайнаб аттуу классташ кызы кемсинтип, мугалим сабак учурунда класстан чыгып кеткен маалда ур-токмокко алып, мурдун сындырганын айткан.
Райондук билим берүү бөлүмү окуя 19-февралда болгонун кабарлады. Маалыматта тиешелүү мугалимдерге эскертүү, сөгүш, мектептин директоруна, окуу бөлүм башчысына, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарына сөгүш берилгени айтылды.