Коом
Бишкек шаардык кеңештин депутаты элден айдоочулук күбөлүктү кайтарып алып, кайрадан сынакка киргизүүнү сунуштады

Чыңгыз Жумалиевдин айтымында, мындай жол менен республикадагы айдоочулар бир тартипке келмек.
“Айымдар эле деп деле айтпайм, жол эрежесин билбеген эркек айдоочулар дагы бар. Убагында айдоочулук күбөлүктүн баары сатылып, белекке берилип келгени баарына маалым. Чынын айтканда баарынан айдоочулук күбөлүктү алып, кайрадан сынакка киргизиш керек. Ошондо канча адам айдоочулук күбөлүк ала аларын көрмөкпүз, тартип болмок”, — деди Жумалиев.