Коом

Бишкектеги батир баалары. Канча пайызга өстү

Борбор калаада 2025-жылдын январь айында батирдин 1 чарчы метринин орточо баасы 101 миң 991,95 сомду же 1166 АКШ долларын түздү (Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча).

Мындай маалымат Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин маалыматында белгилүү болду.

Бишкектеги кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо наркы төмөнкүдөй:

— батир – 101 миң 991,95 сом;

— үй – 129 миң 289,72 сом;

— коммерциялык жайлар – 74 миң 300,09 сом;

— административдик имарат – 169 миң 121,38 сом.

Буга чейин аналитиктер 2024-жылы 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкек шаарында батирлердин чарчы метринин баасы 57,2%га, ал эми жеке турак жайлардын чарчы метринин баасы 83,7%га жогорулаганын билдиришкен. Жеке батирлерди эсепке албаганда, 2024-жылы бир чарчы метрдин баасы 2023-жылга салыштырмалуу 20,25%га өскөн.

2024-жылы Бишкек шаарында батирлерди сатып алуу-сатуу боюнча 12 миң 186 бүтүм жана жеке турак жай менен 3 миң 483 бүтүм катталган.

Бишкектеги батирлерге болгон суроо-талапты эске алсак, баалар мындан ары дагы көтөрүлөт деп божомолдоого болот. Батирлердин кымбатташына курулуш материалдарынын кымбатташы, инфляция жана доллар менен улуттук валютанын курсунун айырмасы негизги факторлор болуп саналат.

Муну менен катар батирлердин баасына турак-жай курууда курулуш компанияларына Мамкурулуштун талаптарынын күчөшү да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button