Кыргыз эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жаш курагында дүйөдөн кайтты

Кыргыз эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жаш курагында кайтыш болду.
Акын 1939-жылы 15-январда Жумгалдын Кара-Чий айылында туулган.
Кыргыз мамлекеттик университетинен филология факультетин аяктап, «Ленинчил жаш» гезитинен эмгек жолун баштап, редактордун орун басарлыгына чейин жеткен. 1973-1975-жылдары Москвада Жогорку партиялык мектептин журналистика факультетин бүткөн. Эмгек жолунда «Кыргызстан коммунисти» журналында, «Советтик Кыргызстан» гезитинде иштеп, «Кыргыз энциклопедиясынын» башкы редакциясында илимий редакторлук кызмат өтөгөн.
Нурпаис Жаркынбаев 1966-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1982-жылдан бери Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
Ырлары казак, молдован, украин, өзбек, уйгур ж.б. тилдерге которулуп, өзү Олжас Сулеймановдун, Евгений Евтушенконун, Эдуардас Межелайтистин, Феттин, Тютчевдин, Маяковскийдин, Пушкиндин ырларын которгон.
Бир катар мамлекеттик сыйлык жана наамдардын ээси. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамы ыйгарылган.