Маданият министринин милдетин аткаруучу Мирбек Мамбеталиевдин өмүр баяны

Мирбек Мамбеталиев 2025-жылдын февралында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болду.
Ал 1980-жылдын 18-ноябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.
Билими:
2002-жыл — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган;
2019-жылы — Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында магистратурасын жактаган;
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини бар.
Эмгек тажрыйбасы:
2002 – 2003 — Өкмөткө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы, финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис;
2004 – 2007 — «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» акционердик коому, финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис, башкы адис, бөлүм башчы;
2007 – 2008 — Ысык-Көл району боюнча чакан жана орто бизнести колдоо бөлүмүндө аткаруучу директор;
2008 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин мониторинг жана маалымат бөлүмүнүн башчысы, «Топ Ночь Дистрибюшен» компаниясында менеджер;
2008 – 2010 — Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын жардамчысы;
2010 — Ысык-Көл микрокредиттик агенттигинин башкы директору;
2010 – 2014 — «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясынын финансы, маркетинг жана талдоо бөлүмүнүн башчы, Башкармалыктын мүчөсү – финансы директору;
2014 – 2015 — «Кыргыз курулуш» ишканасынын жетекчинин орун басары;
2015 — Жогорку Кеңеште консультант;
2015 – 2017 — Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу;
2017 – 2018 — Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын кеңешчиси;
2018 — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси;
2018 – 2020 — Президент жана өкмөттүн иш башкармасына караштуу №2 мамлекеттик резиденциясынын директору, №1 мамлекеттик резиденциясынын директору;
2020 – 2021 — Президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары;
2022 – 2023 — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында аппарат жетекчи;
2023 – 2025 — Президенттин администрациясында уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүндө мамлекеттик инспектор;
21-февралдан тарта — маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу.
Булак: “Спутник-Кыргызстан” маалымат агенттиги