Спорт
Албанияда өткөн рейтингдик мелдеште кыргызстандык балбандар 9 медаль жеңди

Грек-рим күрөшү боюнча Ырыскелди Максатбек уулу менен Раззак Бейшекеев алтын алса, Дөөлөтбек Чойбеков менен эркин күрөш боюнча Тайырбек Жумашбек уулу күмүш медаль тагынышкан. Кыз-келиндер арасында Айпери Медет кызы да экинчи орунду алып, күмүшкө татыган.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Баяман Каримов, Ырыскелди Хамзаев жана эркин күрөш боюнча Билол Шарип уулу коло медалдын ээси болушкан.