Пайдалуу кеңештер
Орозо кармабай, ооз ачтырсаң сообу канчалык болот?

Орозодо эмне кылууга болот жана болбойт деген теманын алкагында Бишкек шаарындагы “Махмуд Кашгари” атындагы мечиттин имамы Ильяз Абдувалиев жогорудагы суроолорго жооп берди.
«Ооз ачканга орозо кармаганын да, кармабаганын да чакыра берсе болот. Себеби, чакырган жерге барып, айлана-чөйрөдөн таасирленет. Ким орозо кармаган адамдын оозун ачтырса, орозо кармаган адамдын толук сообу кемитилбей, ошол адамга да бере берет. Бир күндө бир адам бир күндүк орозо кармаса, кээде миң күндүк орозо кармайт. Ал ооз ачтырып коюу менен. Биз мечитте жылда суу менен курма коюп коёбуз»,- деди ал.