Коом

ДИМКда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу кызматкерлерге маалымат берилди

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жыйындар залында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу кызматкерлерге маалымат берүү иш чарасы уюштурулду.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана жалпы кызматкерлер катышып, аталган Жарлыктын негизги мазмуну жана аны ишке ашыруу механизмдери боюнча презентация жасалды.

Уңгужолдогу улуттук аң-сезимди жогорулатуу, руханий жана материалдык баалуулуктарды тең салмактуу өнүктүрүү, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды глобалдык өзгөрүүлөргө шайкеш коргоо сыяктуу бир катар маанилүү багыттары талкууланды.

Жыйындын соңунда катышуучулар “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун негизги принциптерин диний чөйрөдө ишке ашыруу боюнча тиешелүү аракеттерди көрүү маанилүү экенин белгилешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button