Окуялар
Бишкекте улакчы көк бөрү ойноп жатып каза болду

Каргаша бүгүн, 12-мартта, «Азамат» унаа базарынын жанындагы ат майданда болгон. Анда «Бөрүлү» жана «Бүркүт» командалары беттешип жаткан.
Оюнчу улакты жерден алайын деп эңкейгенде күү менен келе жаткан башка улакчы аргымагы менен койдуруп кеткен.
Тез жардам кызматы оюнда 44 жаштагы киши башынан жаракат алып, каза болгонун тастыктады.