Коом

Улакчы ооруканага жетпей үзүлгөн. Милиция «Ак-Кула» ат майданындагы каргаша боюнча териштирүү баштады

Кырсык бүгүн жаңы ат майданда саат 10:00 чамасында Сокулуктун «Бөрүлү» командасы менен Оштун «Бүркүт» командасы беттешип жатканда болгон. 

Мелдеш башталганына 10-15 мүнөт болгондо «Бөрүлүнүн» оюнчусун аргымак коюп кеткен. 

Милициянын маалыматы боюнча, оюн ошо замат токтотулуп, тез жардам чакыртылган. Бирок 45 жаштагы С.М. ооруканага жетпей үзүлгөн. 

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button