Коом
Догдуркүл Кендирбаева: 0-классты бүткөн балдар түздөн-түз 2-класска өтүшөт

Учурда Кыргызстанда 122 628 бала “Наристе” программасынын алкагында 0-класста билим алып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча маалымат берип жатып билдирген.
1-класска баруучу балдардын жалпы саны 171 149 болсо, алардын ичинен 49 212 бала 0-классты окубастан түздөн-түз 1-класста окуп жатат.
Кендирбаева белгилегендей, август айында мектеп мугалимдери өргүүдөн кайтып келгенден кийин, 0-классты окубаган балдар үчүн кыска мөөнөттүү мектепке даярдоо курстары уюштурулат.