Окуялар

Чоң-Алайдагы бала бакчанын ичинде ата-бала каза болду

Ошто 40 жаштагы киши 14 жаштагы уулу менен көз жумду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-март күнү саат милицияга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган тургуну жана анын 2011-жылы туулган уулу ууланып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Анын жүрүшүндө күбөлөр суралып, Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган тургуну жана анын 2011-жылы туулган уулу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде от жагуучу жайда кошумча кубаттагычтан чыккан газга ууланып каза болгондугу маалым болгон.

Каза болгон жарандын атасы окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, маркумдардын жансыз денелерин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан. Учурда текшерүү уланууда, анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button