Коом

Оштун мэри сел кооптуулугу бар аймактарга барды

Ош шаарынын мэри — Жарандык коргонуунун башчысы Жеңишбек Токторбаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев биргеликте Ош шаарындагы сел кооптуулугу бар аймактарды кыдырды.

Алсак, кооптуу деп табылган Жапалак, Төлөйкөн айыл аймактарындагы ошондой эле, Алымбек датка, Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы сел каналдардын, көпүрөлөрдүн жана Тотоев көчөсүндөгү кооптуу жайгашкан 13 үйдүн абалын көрүп чыгышты.

Шаар башчысы жеринде тез аранын ичинде жаан-чачындар башталганга чейин сел кооптулугун жоюу, толуп калган сел каналдарды тазалоо боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button