Саясат
Садыр Жапаров 31-мартта Кожентке Нооруз майрамын белгилөөгө барарын айтты

Эске салсак, бул күнү Кожент шаарында тарыхта биринчи жолу Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан президенттеринин үч тараптуу саммити өтөт.
Президент Эмомали Рахмонго чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, бара турганын тастыктаган.
«Нооруз майрамын биргелешип белгилөө Борбор Азия өлкөлөрүнүн достугун, ынтымагын билдирген салтка айланат деп ишенем«, — деген Жапаров.