Окуялар

Чүйдө кишини өлтүрүп, таш менен жаап коюшкан. Өгөй баласы менен досу кармалды

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-февралда Чүй ОИИБге 1975-жылы туулган аял кайрылып, аны менен чогуу жашап жүргөн 1977-жылы туулган жаран 2024-жылдын 2-ноябрында Чүй айылындагы Октябрь көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

2025-жылдын 12-мартында издөө иш-чараларынын алкагында Токмок-Лесхоз Кегети жолунун чыгыш тарабында көмүлгөн таштардын арасынан күч колдонуу менен каза болгон жарандын жансыз денеси табылган. Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

Кылмышка шектүү катары 1996 жана 1997-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.

Ноябрь айында 1996-жылы туулган шектүү өгөй атасы болгон маркумдун үйүндө болгон. Шектүүнүн жанында досу болгон. Ата-баланын ортосунда уруш чыгып, өгөй атасын сабап, колун байлап, унаанын багажнигине салып, Кегети капчыгайына алып барышкан. Ал жерде бычак сайылып, киши каза болгон соң, жолдун четине ыргытып, таш менен бастырып салышкан. Тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button