Маданият

Белгилүү ырчы Мухаммед Юсуф Кыргызстанга арналган “Субханналлах” аттуу ырын тартуулады – ВИДЕО

Дүйнөгө белгилүү нашид ырчысы Мухаммад Юсуф Кыргызстанга арналган “Субханаллах” аттуу жаңы композициясын тартуулады. Бул тууралуу Аль-Умма Фондунан билдиришти.

Анда ал өлкөнүн кооздугуна, бийик тоолоруна, таза абасына, меймандос элине суктанат.

Кыргызстандын кооз мейкиндигинде тартылган видеоклип  коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурду. Видеоклипте ак карлуу чокулар, жашыл өрөөндөр жана укмуштуудай жаратылыш пейзаждары чагылдырылган.

«Субханаллах» нашидинин аталышы «Таза Аллах» деп которулуп, терең руханиятты жана Улуу Жараткандын  берген жаратылышына суктанууну билдирет. Композиция буга чейин угармандар арасында чоң кызыгууну жараткан жана аткаруучунун өзү белгилегендей, видео жарыялангандан кийин көптөгөн катталуучулар бул укмуштуудай,  жомоктогудай өлкө кайда жайгашканын сурай башташкан.

Белгилей кетсек, чет элдик аткаруучу Кыргызстанга биринчи жолу  ыр арнап арнап жатат.

Мухаммад Юсуф Кыргызстанга биринчи жолу 2024-жылы Кыргыз Аль-Умма Фондунун @umma.charity чакыруусу менен келген.

Фонддун өкүлдөрүнөн Кыргызстан тууралуу угуп, өлкөгө кызыгып, интернеттен маалыматтарды изилдеп,  жаратылышы кооз жерге келүүнү чечкен. Иш сапар Курман айт майрамында болуп, ырчы фонд тарабынан уюштурулган иш-чараларга жана концертке катышкан.

Кийинчерээк «Аль-Умма» фондунун командасы Мухаммад Юсуф менен биргеликте видеотасма тартышкан. Бул нашид үчүн видеону тартууга кыргыз тараптын олуттуу салымы болуп калды.

Видео YouTube  каналына жарыялангандан кийин музыканттын жазылуучулары Кыргызстанга жана анын табиятына активдүү кызыгып башташкан. Бул нашиддин аркасында көптөгөн адамдар Кыргызстандын кооздугуна кызыгып, туристтерди тартууга, элдердин достук байланыштарын чыңдоого, ошондой эле дүйнөлүк деңгээлде өлкөнүн аброюн көтөрүүгө жардам берет, — деп айтылат маалыматта.

«Субханаллах» буга чейин Мухаммад Юсуфтун YouTube каналында бар, ошондой эле @ummamag.ru баракчасынан  бул ырды угуп, видеону көрө аласыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button