Коом
«Тунгуч» онлайн мектеби түзүлдү

Билим берүү министрлиги билдиргендей, бул мектептен алыс жашаган, ден соолугуна же башка себептерге байланыштуу кадимки окуу жайга бара албай калган окуучулар билим алат.
Мектепте иштеген кызматкерлерге жана мугалимдерге санариптик билим берүү программаларын уюштуруу үчүн атайын айлык каралган.
Сабак өтүүдө инновациялык окутуу методдору колдонулат.
Пилоттук долбоор коомдун ар кыл катмарындагы балдарга жана жаштарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү ачат.