Садыр Жапаров МИКтин үйлөрү кымбатташы мүмкүн экенин айтты

Президенттин кезектеги ипотекалык үйлөрдү тапшырууда сүйлөгөн сөзү:
▪️Бүгүнкү күндө жеке компаниялар ушундай престиждүү райондордо батирдин бир чарчы метрин 2 000 доллардан кем эмес сатып жатышат. Ошол да «под ключ» эмес. Ошол эле учурда МИК даяр батирдин 1 чарчы метрин 850 доллардан берүүдө.
▪️Бишкек менен Чүйдө ипотекалык үйлөрдү «Кыргыз курулуш сервис» компаниясына жана бирин-экин өзүбүз тааныган жеке компанияларга 1 чарчы метрин 650 доллардан, ал эми алыскы аймактарда 700 доллардан «под ключ» салдырып жатабыз.
▪️Башка ири курулуш компаниялары 650 долларга “под ключ” эч ким салбайт деп көнбөй коюшту. Ал эми МИК үстүнө 200 доллардан кошуп, сиздерге 850 доллардан берип жатат. Ортодогу 200 доллар пайда ипотекалык компанияга түшүүдө. Ошондуктан МИКтин кирешеси көбөйүп 80 млрд сомдон ашты.
▪️Азыр «Кыргыз курулуш сервис» менен жеке компаниялар «650 долларга «под ключ» кура албай калдык, курулуш материалдары кымбаттап кетти, 700-750 долларга чейин көтөрүп бергиле» деп даттанып жатышат.
▪️Мындан ары кайсы аймакта болбосун МИК сөзсүз түрдө батирлердин үстүнө өзүнүн пайдасын кошуу менен берет. Мындан ары баалар өзгөрөт. Бирок МИКтин саясаты карапайым эл үчүн жеке курулуш компанияларга салыштырмалуу кыйла арзан болот.