Коом

Лейлек РИИБге жаңы жетекчи дайындалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп милициянын полковниги Алмазбек Шагамурза ротация иретинде дайындады, ал буга чейин Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген, аны өздүк курамга Баткен ООИИбдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда, Улан Жукенов кызмат өтөөнүн жогорку жоопкерчилигине токтолуп, тартип менен мыйзамдуулукту бекем сактоо ар бир кызматкердин негизги милдети экендигин баса белгиледи.

Алмазбек Шагамурзаев көп жылдык тажрыйбасына терең ишеним артарын белгилеп, жаңы кызмат ордунда ийгиликтерди каалап, ишти жандандыруу жана элге сапаттуу кызмат көрсөтүү жаатында тилектерди айтты.

Мындан сырткары, Баткен ОИИБдин башчысы Лейлек району мамлекеттик чек ара тилкеси менен чектеш аймакта жайгашкандыктан, ал жердеги өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү жана тартипти сактоо маанилүүлүгүн белгилеп, милиция кызматкерлери коңшу өлкөнүн тийиштүү түзүмдөрү менен тыгыз байланышта болуусу зарылдыгын эскертип өттү.

Бул дайындоо Лейлек районунда коомдук тартипти сактоо, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана элдин тынчтыгын бекемдөө багытында маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button