Коом
УКМК: Мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекеттин балансына өттү — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында төмөнкү объекттер кайтарылды:

— Түп районунун Түп айылындагы Түп колхоздор аралык курулуш уюмунун 2,30 га аянттагы курулуштары жана жер участогу; (Түп айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди);
— Түп районунун Талды-Суу айылынан 0,50 га жер тилкеси (Каркыра айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү).
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.