Коом

Чет элдик номурлуу унааларды легалдаштыруунун тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Чет мамлекеттик номурлары бар транспорт каражаттарын легалдаштыруунун тартибине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Негизги өзгөрүүлөр:

— Чек арадан өткөндүгү тууралуу күбөлүк жокко чыгарылды. Эми унаа ээлеринен унаанын Кыргызстандын аймагына кирген күнүн тастыктаган документ талап кылынбайт.

— ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизилген аккредитацияланган лаборатория тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздук сертификаты (ВДСК) жокко чыгарылды. Анын ордуна унаалар аккредитацияланган автолабораторияларда техникалык кароодон өтүп, унаанын коопсуздугу боюнча корутундусун алышы керек.

— Легалдаштыруу үчүн бир жолку төлөм дифференцияланды:

— кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб.см метрге чейинки транспорт каражаттары үчүн — 50 000 сом;

— 2001 куб см жогору  — 100 000 сом.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-апрелден тарта президент Садыр Жапаровдун “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында чет элдик мамлекеттик номурлуу автоунааларды легалдаштыруунун биринчи этабы башталган.

Чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу процесси 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулуп, үч этапты камтыйт.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген, чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо номерлери бар, укук белгилөөчү документтери жок жана бажылык тариздөөдөн өтпөгөн бардык транспорт каражаттары легалдаштырууга жатат.

Ошол эле учурда легалдаштырылган унаа ээлерине 10 аймактын мамлекеттик номурлары ыйгарылат.

Мындан тышкары, бул транспорт каражаттары андан ары ээликтен ажыратылууга жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга болбойт, ошондой эле такси катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button