Кыргызстанда 9-майда “Өлбөс полк” акциясы өтөт

Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясы 9-майда өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Афганистандагы согуштун жана согуштук кагылыштардын ардагерлеринин “Күжүрмөн бир туугандык” коомдук кыймылынын төрагасы Абдыгул Чотбаев билдирди.
Ал белгилегендей, ошол эле учурда Бишкекте парад 8-майда өтөт. “Мамлекет башчысы Москвадагы парадга чакырылган, буга байланыштуу парадды 8-майда өткөрүү чечими кабыл алынган“, — деп түшүндүрдү ал.
«Өлбөс полк – Кыргызстан» кыймылынын Бишкектеги координатору Зулфира Хайбуллина белгилегендей, жүрүш кадимки тартипте өтөт. “Старт Түштүк дарбазадан саат 09:00дө берилет. Акциянын катышуучулары Түштүк дарбазадан тарта Байтик баатыр көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Фрунзе көчөсү менен жүрүп отуруп, Жеңиш аянтына келет”, — деди ал.
Хайбуллина кошумчалагандай, жөө жүрүш өлкөнүн бардык аймактарында өтөт.