Коом

УКМК: Тоң районунун Төрт-Күл айылындагы Ак-Куу тиричилик үйү мамлекеттик баланска өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өткөн өндүрүш объектилерин, жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.

Тоң районунун Төрт-Көл айылындагы «Ак-Куу» тиричилик үйүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча менчик ээси А.А.Т.  мурунку «Ак-Куу» тиричилик үйүн, пайдалуу аянты 291,60 чарчы метр, турак жай аянты 145,40 чарчы метр, 2000 чарчы метр жер участогу менен кошо  мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер участокторун, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button