Коом

Баткен РИИБге жаңы жетекчи дайындалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде, Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Турдубай Саматов Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Жаңы жетекчини өздүк курамга Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Улан Жукенов расмий түрдө тааныштырды.


Тааныштыруу учурунда, Улан Жукенов кызмат өтөөнүн өзгөчө жоопкерчилигин баса белгилеп, мыйзамдуулук менен тартип ар бир кызматкердин күнүмдүк ишинин башкы өзөгү болушу керектигин эскертти. Ал ошондой эле, Турдубай Саматовдун көп жылдык тажрыйбасына ишеним артып, жаңы кызмат ордундагы иштерине ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары, Баткен району мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкандыктан, чек ара коопсуздугун сактоо, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракет көрүү жана коңшу мамлекеттердин тийиштүү органдары менен үзгүлтүксүз байланышта болуу зарылдыгын баса белгиледи.
Жыйын соңунда, Улан Жукенов өздүк курам менен ачык пикир алмашып, кызматкерлерден иш учурунда жаралган көйгөйлөрү, сунуш-пикирлери тууралуу сурап, алардын ар бирине көңүл буруларын билдирди. Ал ички иштер кызматкерлери үчүн татыктуу шарт түзүү жана кызматтык ишти жакшыртуу багытында бардык аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.

Бул дайындоо — Баткен районундагы тартипти чыңдоо, элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана мамлекеттик чек арадагы туруктуулукту сактоого багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button