Коом
Бишкек шаарында жамгыр жаашы күтүлөт. 17-20-апрелге карата аба ырайы

Бишкекте аптанын экинчи жарымында жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
17-апрелде ала булут каптап турат. Түнкүсүн салкын — болгону +4 градус болот. Күндүз +23 градуска чейин жылыйт.
18-апрелде: жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +7 градус жылуу болот. Күндүз +16 градуска чейин гана жылыйт.
19 жана 20-апрелде ала булут каптайт. Түнкүсүн абанын температурасы +2 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Күндүз термометр +20 градуска чейин көтөрүлөт.