Спорт

Кыргызстандык мушкерлер АКШда 4 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль утушту

Американын Пуэбло шаарында өткөн «Boxing International Open» турниринде кыргызстандык спортчулар алты медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Бокс федерациясы Instagram баракчасына жазды.

Алтын медалдарды Анвар Ходжиев, Зафарбек Камилов, Мунарбек Сейитбек уулу жана Ихтияр Нишанов алышты.

Элдар Турдубаев күмүш, Алмаз Орозбеков коло медаль тагынды.

Мелдешке команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилигинде катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button