Өзбекстанда Түрк дүйнөсүнүн II маданият форуму өттү

Өзбекстанда Түрк дүйнөсүнүн II маданият форуму өттү. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, форумда түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын эл аралык деңгээлде коргоо жана жайылтуу максатында Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлор сунушталды.
Приоритеттүү багыттардын ичинен Түрк элдеринин фольклорунун антологиясын даярдоо, көп тилдүү санариптик мурас каталогун түзүү, эл аралык конференцияларды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу, реставрациялык долбоорлорду колдоо, түрк маданияты менен мурас борборлорун түзүү өзгөчө айтылды.
Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова өз сөзүндө Өзбекстан жакында Түрк маданияты жана мурасы фондуна толук кандуу мүчө болуп кирээрине канааттануусун билдирди.
«Бул кадам биргелешкен илимий, маданий жана билим берүү демилгелери үчүн жаңы мейкиндиктерди ачат, түрк дүйнөсүндөгү интеграцияны тереңдетет”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, форумга Кыргызстандан маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова катышты.