Спорт
Бразилиялык адис Кыргызстандын олимпиадалык курамасына башкы машыктыруучу болуп дайындалды

Кыргыз футбол биримдигинин маалыматы боюнча, бул кызматка UEFA PRO лицензиясына ээ болгон Эдмар Ласерда аттуу адис келген.
Ал учурунда профессионалдык футбол оюнчусу катары бразилиялык «Индепендиенте», «Паулиста» жана «Интернасьональ» клубдарында, Украинанын «Таврия» клубунда ойногон.
Ласерда 2023-жылга чейин «Металлист 1925» клубунда машыктыруучу, 2024-жылы Казакстандын «Тобол» клубунда машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген.