Коом

УКМК: Балыкчы шаарында 10 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК Балыкчы шаарынын аймагында канаттуулар фабрикалары жана чарбалык курулуштар жайгашкан 10 га жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.

Мындан улам, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси имараттар менен бирге мамлекеттик баланска кайтарылды.

Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button