Коом
Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга 65 500 сом айып салынды

Жарандар жол тескөөчүлөрүнөн “lexus 470” жана “Hyundai” үлгүсүндөгү унаалар терезелерин мыйзамсыз караңгылатып, үн чыгаруучу каражаттарды мыйзамсыз орнотуп жүргөндүгү боюнча маалымат берип, тийиштүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Ал эми айдоочулар унааларын унаа жуучу жайга токтотуп, мамлекеттик номурларын чечип, ошол жерден унааларын таштап кетип калышкан.
Бул факты боюнча кайгуул кызматкерлери унааларды эвакуатор менен жүктөп, айып короо жайына токтотушкан. Эртеси айдоочуларын таап, терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандыгы жана кошумча үн чыгаруучу каражаттарды мыйзамсыз орноткондугу үчүн 65 500 сом айып салышкан.