Коом

Жалал-Абаддагы чуулгандуу кармоо: ИИМдин баңгизат кызматкерлери ‘подстава’ уюштуруп жүргөнү аныкталды

КР УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары боюнча далилдерди бурмалоо боюнча КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин кылмыш иштерин аныктады жана аларга бөгөт койду.

Тактап айтканда, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Б.У.А., Ю.К.М. жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү А.А.А. статистикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында, Жалал-Абад облусунун тургундары  Т.у.Т., П.Н.Х. жана эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан А.А.А. аттуу жарандын жардамы менен И.Н.С. аттуу жарандын баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү фактысын фиксациялоо боюнча жашыруун ыкчам жана атайын тергөө иш-чараларын өткөрүүнү демилгелешкен.

       Аталган адамдар бирдиктүү кылмыштуу бүтүм боюнча аракеттенип, И.Н.С. аттуу жаранга карата, ойдон чыгарылган кылмыштуу иш-аракетке шарт түзүп беришкен.

       Тактап айтканда, түзүлгөн планга ылайык, Т.у.Т аттуу жаран милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен Базар-Коргон районундагы кароосуз калган үйлөрдүн бирине «марихуана» баңги затын жашырган.

       Андан кийин, И.Н.С.  жогорудагы адамдардын пландары жөнүндө маалыматы жок болуп, милиция кызматкери Ю.К.М.нын коштоосунда  жогоруда көрсөтүлгөн үйгө келип, ал жерден А.А.А. документтери бар делген (иш жүзүндө баңги каражаттары катылган) желим баштыкты таап, Ю.К.М.га  берген.

       Бул иш-чара «көзөмөлдөнүүчү сатып алуу» катары таризделип, андан кийин И.Н.С. аттуу жаран 3 айдан ашык убакыттан бери тергөө абагында мыйзамсыз кармалган.

       Тергөөнүн жүрүшүндө И.Н.С. бир нече жолу А.А.А.нын өтүнүчүнүн аткарылышы жөнүндө көрсөтмө берген жана жогоруда  көрсөтүлгөн желим баштыгынын мазмуну жөнүндө кабардар болгон эмес, анын көрсөтмөлөрү максаттуу түрдө көңүл сыртында калтырылган, ошондой эле ага карата физикалык жана психологиялык кысым көрсөтүү чараларын колдонуу аркылуу ага баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандыгы жөнүндө моюнга алдыртышкан.

       Андан ары И.Н.С. аттуу жаран өзүнүн аракеттеринде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу сот органдары тарабынан толук акталган.

 2025-жылдын 24-апрелинде КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Б.У.А., Ю.К.М. жана А.А.А., ошондой эле алардын жарандык шериктери Т.у.Т. жана П.Н.Х. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

 Тергөө иштери жүрүп жатат. 

Тектеш кабарлар

Back to top button