Коом
Айдоочуларга сонун жаңылык, тагыраагы, сонун табылга

Кайгуул милициясы жол эрежелерди кайталап окуп туруу үчүн айдоочуларды сүрөттөгү QR кодду сканерлеп алууга чакырды.
Файлда жол эрежелери кыргыз тилинде да, орус тилинде дагы жазылган.
Эске салсак, 1-сентябрдан тарта инспекторлор эреже бузган айдоочуларды токтотуп, жол эрежесин сурай баштайт. Билбегендер айдоочулук укуктан убактылуу ажырайт. Айдоочулук күбөлүгү «Унаага» барып экзаменди ийгиликтүү тапшыргандан кийин берилет.