Коом

Улуу Жеңишке 80 жыл: Кудайберген Чапаев фашисттер менен согушта биздин келечек үчүн өмүрүн да аяган эмес

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун жардамчысы Назира Капарова Улуу ата-мекендик согуштун  катышуучусу таятасы  жөнүндө  эскерди.

Менин таятам Кудайберген Чапаев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 1925-жылы төрөлгөн.

1941-жылы 17 жашында аскерге чакырылып согушка  аттанган. Согуш учурунда бөлүмдүн командири болуп, сержант  наамына  жеткен экен. Согуштун аягына  чейин жетип, фашисттин жерлерин жулуп ыргытууга  баратып, минага  жарылып, бир бутунунан  айрылып, согуш аяктагандан кийин өз мекенине  кайтып  келген. Өмүрүнүн аягына  чейин туулуп өскөн айылында  эмгектенип, 1971-жылдын аягында дүйнө салыптыр. Мен таятам менен сыймыктанам. Таятам  менин  баатырым. Биздин  жаркын келечек үчүн  өз өмүрүн аяган  эмес,- деп сөзүн аяктады  Назира.

Тектеш кабарлар

Back to top button