Коом

Улуу жеңишке 80 жыл:  Оторов Сабыр кан майдандан кайтпай калган кыргыз жоокери

Белгилүү журналист Оторов Тилек Арсыбекович атасынын бир тууганы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калганы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:   

-Менин чоң атамдын бир тууган агасы Оторов Сабыр  1909-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районунда туулган. Бала кезинен активдүү,  сабаттуу, билимдүү, коммунисттик партиянын мүчөсү болгон.

Ал 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы менен Советтик Армиянын катарына чакырылган.

88-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 58-истребитель-танкага каршы артиллериялык полкунда кызмат өтөгөн.  Ошол кан майданда Сталинградды коргоо үчүн салгылашууларга катышкан. 1943-жылы «Сталинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган экен. Архивдик документтерге ылайык, ал 1944-жылы Днепропетровск облусунда салгылашууда курман болуп, Ново-Семеновка айылынан 2 чакырым түндүктө коюлуптур.

Тектеш кабарлар

Back to top button