Өлкөдө 1-июлдан тартып аскер кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35%га көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап жатканда билдирди.
Өлкө башчы өз сөзүндө белгилегендей, мамлекет учурда өлкөнүн Куралдуу күчтөрү баштаган күч органдары эң жогорку талаптарга жооп бериши үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.
“Биздин Куралдуу күчтөрүбүздүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Аскерлерибиз заманбап курал-жарак менен камсыз болууда, аскердик шаарчалардын жана гарнизондордун инфратүзүмү өнүгүүдө. Материалдык-техникалык жабдуулар татыктуу деңгээлде камсыздалууда.
Аскерлерибиздин жана укук коргоо органдарыбыздын кызматкерлеринин үй-бүлөсү коомубузда өзүн ишенимдүү жана татыктуу сезиши үчүн алардын айлык маяналары үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап дагы көтөрүлдү, убактылуу турак жайды жалдагандыгы үчүн акчалай компенсациянын көлөмү да жогорулатылды.
Дагы бир жагымдуу кабар менен бөлүшө кетейин. Ушул жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 % (пайызга) көбөйтүлөт, ал эми контракттык кызматтагы аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап ушундай эле көбөйтүлөрү пландалууда.
Бул аракеттер жөн гана колдоо чарасы эмес, бул – Мекенди коргоо кызматындагылардын күнү-түнү көз ирмебей “Эл четинде – жоо бетинде” тургандагы мээнетин баалоо болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, биз коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү чыңдап жатабыз»,- деди президент.