Аламүдүн районунун сот кызматкерлери ардагер Семён Межуевди куттукташты — ВИДЕО

Чүй облустук сотунун Аламүдүн районунун сот кызматкерлери Казакстанда, туулган Семен Межуевдин үйүнө барып, Улуу Жеңиш күнүнүн 80 жылдыгы менен куттукташты.
Ал 1942 жылды Аламүдүн РВК тарабынан согушка чакырылган. 1942-жылдын-1949-жылдын мартына кызмат өтөп,1949-жылдын 16-мартында запаска бошотулган.
1946-жылы КПССтин мүчөсү болгон, 1950-жылы Фрунзедеги филиалдын бухгалтери курсун бүтүргөн. Ленин атындагы колхоздо 1965-жылга чейин иштеп,андан кийин 1965-жылдын август айында СМУ-3 Фрунзепромстройго кампачы болуп кабыл алынып, 1967-жылдын тресттин УПТКсына 1985-жылы темир-бетон буюмдары складынын начальниги болуп которулган.


Учурда ал 3 баланын атасы,5 небереси,8 чөбөрөсү бар. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу катары медаль жана юбилейлик медалдарды алган. Тылда “Эмгек ардагери» ”Кыргыз Республикасына 25 жыл юбилейлик медалы” жана 1941-1945 жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери катары Ленинское айылында үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда каттоодо турат жана дарыгер тарабынан үйдө каралып, азыркы маалда ардагерде эч кандай даттануу жок, абалы туруктуу.