Окуялар
Аңчылыкка барып ажал тапты. Алайда достору менен тоого чыккан жигит көз жумду

8- май күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө 1999-жылы туулган жаран Чий-Талаа айылындагы тоодо каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгон жаран 7-май күнү Терек айылындагы жайытка достору менен аңчылыкка чыгып, кокусунан жыгылып кетип, өзү көтөрүп жүргөн мылтыгынан ок атылып, окуя болгон жерде каза болгон.
Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда окуяга күбө болгондор тергөө кызматына жеткирилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.