Коом

Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, акчасына Сузакта Эне-баланы коргоо борборун салып берди

Бул тууралуу Садыр Жапаров кечээ медборбордун ачылышында билдирди. Өлкө башчы борборду курууга 570 млн сом сарпталганын кошумчалады. 

Президент буга чейин ишкерлер Кыргызстандан тапкан акчасын өлкө тышына чыгарып кетип, чет жактан завод-фабрика, бизнес ачып, азыркыга чейин Кыргызстанга келе албай жатканын белгиледи. 

“Ошолордой болбостон Ташиевдердин үй-бүлөсү өздөрүнүн мунай базасын сатып, акчасына төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берип жатат. Мындай кадам башкаларга үлгү болушу керек. Мамлекетибиздин ар тараптан кол сунган Ташиевдердей атуулдарыбызга ыраазычылык билдирем”, — деди Жапаров. 

Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборун куруу иштери 2023-жылы башталган. 75 орундуу төрөт бөлүмү, 75 орундуу балдар ооруканасы 3 гектар жерге курулган.

Тектеш кабарлар

Back to top button