Коом

 Баткенде 3 эм төрөлдү

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын 34 жаштагы тургуну Бактыбай кызы Кызбурак үч эм кыз төрөдү.

Баткен районунун акиминин орун басары Жумагүл Сатыбалдиева, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Маканов, Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Омошева үч эмден кабар алып, Ош облустук төрөт үйүнө барышты.

Ымыркайлар үчүн Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан баалуу белектер, эне жана наристелер үчүн керектүү болгон буюмдар жана Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан 40 миң сом акчалай белек тапшырылды.

Ымыркайлар 30-апрелде жарыкка келген. Үч эмдин атасы — Нурланбек Имарбеков. Кыздарга Муслима, Дариха, Фатима деген ысым берилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button