Окуялар

Ысык-Көлдө жаранды айылдашы таяк менен башка чаап, көз жумду

4-май күнү Ысык-Көл РИИБге Көк-Дөбө айылынын 1981-жылы туулган тургуну дене жаракаттары менен Ананьево айылындагы ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Факты Ысык-Көл РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 5-майда жабырлануучу облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулган. Тилекке каршы, алган жаракаттарынын кесепетинен 6-май күнү каза болгон.

Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жүрүшүндө, 4-май күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Көк-Дөбө айылынын аймагында 3 айылдашы менен спирт ичимдиктерин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам жаңжал чыккандыгы аныкталган. Жаңжалдын кесепетинен маркум башынан оор жаракат алган.

Шектүү катары 1973-жылы туулган жаран кармалган. Алдын ала сурак учурунда шектүү маркумду таяк менен башка урганын билдирип, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Тектеш кабарлар

Back to top button