Садыр Жапаров Ак-Сууга тоо-лыжа курорту курулуп баштаганын айтып, ал жакта бизнес ачууну каалагандарга кайрылды

Өлкө башчы токтолгон негизги учурлар:
▪️Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларына салына турган тоо-лыжа курорту эми «Ала-Тоо резорт» деп аталат. Инфратүзүм толук мамлекеттин эсебинен жасалат
▪️Жыргалаңдагы биринчи асма жол келе жаткан жылдын июль айында бүтөт. 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында биринчи фазасы (Жыргалаң) аяктап, лыжа трассалары ишке берилет
▪️2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак) жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчүсү (Боз-Учук) бүтөт. Үч тоонун трассалары биригип, толук кандуу иштей баштайт
▪️Жакын арада отель, ресторан жана башка объектилер салынчу жерлер аукционго коюлуп, менчикке сатыла баштайт. Аукциондон жерди утуп алгандар эки жылда куруп бүтүп, ишке киргизүүсү керек. Бардык уруксат документтерин мамлекет бүтүрүп берет
▪️Жерди алып коюп курулуштун мөөнөтүн узартып, же аны башка бирөөгө сатып, киреше табам деп эч нерсе салбай жүрө берүүгө жол бербейбиз
▪️Жер сатуу боюнча аукцион болжол менен июнь айынын биринчи декадасында (10 күн) башталат. Азыр көз карандысыз баалоочулар сатылуучу жердин наркын аныктап жатат
▪️Аукционго мамлекеттик компаниялар жана чет өлкөлүк инвесторлор, кыргыз резиденттери (юридикалык жана физикалык жактар) катыша алышат. Аукцион ачык жана онлайн режимде болот